• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Карыпбеков кызматын өткөрдү. КТРК ага ыраазычылык билдирип дрон белекке беришти

19 Жалган куран 201911:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.03.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 19-мартта КТРКнын жаңы жетекчиси Үсөн Жайнак уулу кызматына киришти. Кызматын өткөрүп берген Илим Карыпбеков телеканалдын жетекчиси болуп мындан 4 жыл мурун шайланган болчу.

КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев жаңы жетекчини кызматкерлерге тааныштырып, ал эми ордун өткөрүп берип жаткан Карыпбековго ыраазычылык сөзүн айтты.

«Илим Карыпбековдой адамдын КТРКдан кетип жатканына ичим ачышып жатат. Чыгармачыл адамдарды жетектөө кыйын. Бирок, Карыпбеков баштаган реформаларды жаңы жетекчи улантат деп ишенем»,-деди Жекшеев.

Карыпбеков өз учурунда сөз сүйлөп, кызматкерлерине ыраазычылык сөздөрүн айтуу менен жаңы жетекчиси Үсөн Жайнак уулуна ийгиликтерди каалады.

КТРКнын жалпы кызматкерлеринин атынан Карыпбековго ырахмат айтуу менен ага дрон белекке беришти.

Теги:
Количество просмотров: 24