• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Каржы министрлигинин кызматкерлери Жээнбаеванын отставкасын талап кылууда

8 Тогуздун айы 2020 12:38 Бишкек Govori.TV

Каржы министрлигинин эмгек жамааты бүгүн, 8-октябрда министр Бактыгүл Жээнбаеваны иш ордуна киргизишкен эмес.

Маалыматтар боюнча, учурда министрликтин кеңсесинин алдында жетекчиликке нааразы болгон кызматкерлер топтолуп турушат. Алар Жээнбаеванын жолун тороп, имаратка киргизбей, кызматтан кетишин талап кылып жатышат.

Буга «Жээнбаева Каржы министрлигин башкарган эки жыл ичинде эмгек жамаатты эки бөлүп койгон, кызматкерлер министрди өзүн колдогон сүймөнчүктөр жана көңүлүнө жакпагандар болуп бөлүнүп калган» деген жүйөнү айтышууда.

Количество просмотров: 100