• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Каттамга чыккан маршруткалар кайтарууга алынат

3 Чын куран 2018 10:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.04.2018.Govori.TV

Кечээ каттамга чыккан айрым кичи автобустардын айдоочулары ур-токмоко алынып, унааларынын терезелери талкаланды деген маалымат тараган. Бишкек шаарынын вице-мэри Геннадий Милицкий айдоочуларга коркунуч жараткан топ ким экени белгисиз болуп жатканын айтат. Бирок коопсуздук чаралары көрүлүп жатыптыр.

«Биз кечээ шаардык ички иштер башкармалыгы менен бул маселени талкууладык. Бишкек шаары боюнча 13 милиция кароолу иштеп жатат. Эгер ушундай маалымат болсо дароо чара көрүлөт,-деди Геннадий Милицкий

 

Количество просмотров: 29