• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Казак миллионери коомдук транспорт менен жүрөт (сүрөт)

11 Тогуздун айы 2019 10:19 Бишкек Govori.TV

Мындан бир нече күн мурда Алматы шаарынын тургуну өз Instagram баракчасына казакстандык миллионер Кайрат Кудайбергеновдун коомдук тронспорттогу сүрөтүн жарыялады.

Интернет колдонуучу эртең менен автобустан миллионер Кайрат Кудайбергеновду жолуктурганын таң калуу менен жазган.

Ооба, ушундай дагы болот экен. Эртең менен саат 9:00до жумушка кечигип жатып, Аль-Фарабиге чейин атамдын унаасына андан соң, №63 автобуска отурдум. Бир кезде Кайрат Кудайбергенов кирип келди. Башында ага окшош адам экен деп ойлодум. Качан гана социалдык тармактагы анын баркчасын ачып, маңдайымда миллионердин өзү турганын көрүп, абдан таң калдым. Чынында үлгү болчу адам экен.

Бул окуядан кийин  ZTB.kzнын журналисттери Кайрат Кудайбергеновго байланышып, окуянын чоо-жайын сурашкан.

Ооба, коомдук транспортто мен болчумун. Бир жумада бир жолу автобус менен элге жакын болуу үчүн жүрөм. Өткөндү эстеп, келечекти урматтаганга бул пайдалуу деп ойлойм,-деп түшүндүргөн К.Кудайбергенов.

Эске салсак, Кайрат Кудайбергенов айылдык жөнөкөй жигиттен эмгектин артында ийгиликтүү ишкерге айланган. Бугүнкү күндө ал «Q3 Worldwide» аталышындагы холдингдин негиздөөчүсү. Ошондой эле көптөгөн кайрымдуулук иштерди жасап келет.

Количество просмотров: 488