• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Казакбаев: “Бабанов чындыгында эле келет”

25 Жалган куран 201916:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 25.03.2019. Govori.TV

Өмүрбек Бабанов жакын арада чындыгында эле Кыргызстанга келет. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин Республика-Ата-Журт фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

«Өмүрбек Бабанов жакын арада чындыгында эле Кыргызстанга келем деп жатат. Эки жума мурун 4-5 депутатыбыз, анын ичинде мен да бармын, Орусияга болгон иш сапарыбызда Өмүрбек Токтогулович менен дос катары, коллега катары жолугуштук. Ошондо да ал эң жакын аралыкта Кыргызстанга келе турганын билдирди. Буга чейин да телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдө билдирген. Акыркы жолугушууда да ошентип айтты. Кудай буйурса, жакын арада Өмүрбек Токтогуловичти Кыргызстандан көрөбүз,»-деди Руслан Казакбаев.

Теги:
Количество просмотров: 19