ЖК депутаты Руслан Казакбаев убактылуу өкмөт менен Президент Сооронбай Жээнбековдун жолугушуусун депутат катары кубаттай турганын айтты.
Президенттин жасап жаткан ишмердиги мисалы саясатчылар менен жолугуп, ишкерлер ошондой элк элдин калың катмары менен жолукканы бул туура. Ал эми убактылуу өкмөт мүчөлөрү баардыгы оорчунду саясатчылар. А өлкө башчынын алар менен жолугуп жатканын албетте колдойм, — деди ал.
Эске салсак, убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрүн Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик резиденцияга чакырган. Жолугушуу 14-сентябрда саат 17.00дө, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында болот.