• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Казакстан: Касым-Жомарт Токаев 70 пайыз добуш менен алдыга чыкты

10 Кулжа 20199:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек.10.06.2019.Govori.TV.

Казакстандагы “Коомдук пикир” инситуту жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, “бийликтин талапкери” Касым-Жомарт Токаев добуштардын 70,13% алды.

Бул тууралуу бул уюмдун башчысы Айнур Мажитова Нур-Султан шаарында өткөн жыйында билдирди. «Улут тагдыры» кыймылынын өкүлү, оппозициянын талапкери Амиржан Косанов 15,39% добуш экинчи орунда. Жалгыз аял талапкер, «Ак жол» партиясынан көрсөтүлгөн Дания Еспаевага шайлоочулардын 5,32% добуштарын беришкен.

Байкоочулар 30 жыл олкону башкарган Нурсултан Назарбаев катышпаган биринчи шайлоодо жети талапкердин ичинен утурумдук президент Касым-Жомарт Токаев жеңип чыгаарын боолгоп жатышкан.

Теги:
Количество просмотров: 19