• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Казакстанда кармалган Асылбек уулу Дамирбектин өнөктөштөрү кимдер болгон?

19 Бирдин айы 2018 9:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 19.02.2018.Govori.TV

Казакстандын күч структуралары 17-февраль  күнү биргелешкен атайын операция өткөрүп, анда чек ара аткезчилигине байланышы бар 29 адамды кармашкан. Алардын ичинде криминалдык авторитеттер, бажы кызматкерлери, брокерлер менен күч органдарынын адамдары болгону, анын ичинде үч кыргызстандык бар экени кабарланган эле.

Ошол эле күнү кармалгандардын арасында ЖКнын “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Асылбек уулу Дамирбектин бар экендиги, анын менен бирге Улан Мурадилов жана Чынгыз Абакиров аттуу ишкерлер болгонун Казакстандын Башкы прокуратурасы тастыктаган.

Анда белгилүү болгондой, Улан Мурадилов 1979-жылы Нарын облусунда туулган. Кесиби боюнча экономист, спорттун чебери, буга чейин “Альфа Телеком”(Мегаком) компаниясында эмгектенип, Ош филиалынын жетекчиси болуп иштеген.  Ошону менен бирге эле Нарын шаардык Кеңешинин деупаты, Нарын шаарынын вице-мерлигине чейин жеткени тууралуу маалыматтар бар.

Ал эми Чынгыз Абакиров 1985-жылы туулган, Нарындагы түрк лицейин, К.И Скрябин атындагы Кыргыз Агрардык Университетин аяктаган. 2012-2013-жылдары ал да “Альфа Телеком”(Мегаком) компаниясында иштеген.  Акыркы мезгилдерде “Сертификат и КО” ЖЧКсын жетектеп,  бул ишкана болсо импортко чыгуучу товарларга сертификат берүү ишмердиги менен алектенген.

Эске сала кетсек, Казакстандын күч структуралары бул кармалгандар Казакстан-Кытай ортосундагы “Хоргос” өткөрмө-пунктунан азык-түлүк товарларын сырье катары Кыргызстанга багытталган жүк катары каттап, бирок, даяр продукция түрүндө Казакстандын аймагында сатып келген.

Алматы шаардык соту депутат Асылбек уулу Дамирбек баштаган кыргызстандык жарандарды эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

 

Количество просмотров: 22