• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Казакстанда кыргыздардын унаасына атылган ок тууралуу

7 Чын куран 2018 20:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек 07.04.18  Govori.tv

Актөбөдө унаага атылган ок тууралуу ИИМ маалымат таратты.

Ок жеген адам Орусиянын жараны экени такталды.

30 жаштагы С.С 6-апрель күнү Мерседес маркасындагы унаа менен Жайназ-Авто чек ара посту аркылуу Орусиядан Казакстанга кирген.Аны менен кошо башка унаа  менен теңтуш баласы дагы Казакстандын аймагына кирген. Саат 17.00дө 35 жаштагы Тажикстандын жараны Шымкентке чейин ала кетүүнү суранган. Жол тоскон жүргүнчүнүн жанында Орусиянын паспорту болгон.

Кечке жуук жүргүнчү менен унааны Акшат деген айылга калтырып, айдоочу теңтушу менен Актөбөгө кеткен.

Түнкү саат 01.50 чамасында унаада калган жүргүнчү телефон чалып, белгисиз адамдар ага карата ок атып, жарадар кылганын айткан.

ИИМ улуту тажик Орусиянын жаранын карактап, акчасын, документтерин жана алтын-күмүшүн алып кеткенин маалымдайт. Жарадар болгон адам аймактык ооруканага жеткирилген. Каракчылар Кыргызстандын жаранынын товарына да зыян келтиришкен.

 

Количество просмотров: 27