Бишкек.03.06.2019.Govori.TV.
Нур-Султанда Өкмөт Үйүнүн алдында нааразылык акциясына чыккан көп балалуу жана жалгыз бой энелердин ичинен айрымдары эс учун жоготуп кулап, тез жардам менен ооруканага жеткирилди.
Митингге чыккан аялдарга Казакстандын премьер-министринин орун басары Гүлшара Абдыкалыкова, ошондой эле эмгек жана социалдык коргоо министри Бердибек Сапарбаев чыгып жолугуп, «Ызы-чуу менен эч нерсе чечилбейт, ошондуктан ар бир адамдын маселесин жеке карайбыз, мыйзамсыз эч нерсе болбойт» деген жоопторго келиндер макул болбой, Н.Назарбаев, Токаевдин чыгышын талап кылып кетпей турганын айтышкан.
Андан соң митингчилер алдыга карай жылууну беттегенде, полиция кызматкерлери алардын жолун тосуп, андан кийин толук кысымга алуу аракетин күчөтүшкөн.
Эскерте кетсек, Казакстанда көп балалуу энелер февраль айынан бери баш калаа Нур-Султанда жана өлкөнүн бир нече аймактарында нааразылык акцияларын уюштуруп келе жатышат. Алар жөлөкпулду көбөйтүү, көп балалуу үй-бүлөлөрдү турак жай менен камсыз кылуу сыяктуу бир катар маселелерди чечип берүүнү талап кылышкан. Бул нааразылык акциялары 4-февралга караган түнү Нур-Султанда жер үйдөн чыккан өрттөн ата-энеси жумушта болгон учурда беш бир тууган кыз каза тапкандан кийин башталган.