• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Казакстанда жол жээгинде табылган баланын атасы беш жылга соттолду

12 Аяк оона 2019 9:39 Бишкек Govori.TV

Былтыр Алматынын айланма жолунун четинен табылган төрт жаштагы баланын атасы беш жылга түрмөгө кесилди. Мурат Аскароглы күнөөсүн мойнуна алган жок, ал уулун машина коюп кеткен деп айтууда.

Мурат Аскароглынын иши жарым жылдан ашык убакытка созулду, ал төрт жаштагы уулун өлтүрүүгө аракет жасоого айыпталган. Прокуратура соттон аны 11 жылга эркинен ажыратууну сураган. 

Аскароглы жазасын жалпы режимдеги колонияда өтөйт.

Төрт жаштагы Мухаммед Аскароглыны 2017-жылы июлда жолдон өтүп бараткан аял кокустан бадалдын түбүнөн таап алган. Баланын башы канга боёлуп, катуу жабыркаган болчу. Аял баланын ата-энесин табуу үчүн аны видеого тартып, социалдык түйүндөргө жайгаштырган.

Бул окуядан кийин Алматы жашоочулары наристени сүзүп кеткен болушу мүмкүн делген автоунаанын айдоочусун издей башташкан. Издөө кампаниясы социалдык түйүндөрдө жүргөн. Мухаммеддин атасы балдар короодо ойноп жатканда жумушка кеткенин, баласын иш учурунда видеороликтен көрүп, эсин жоготонун айткан.

Бирок полиция иликтөө иштерин жүргүзө баштагандан кийин укук коргоо органдары башка видеожазуу таратышкан. Видеодо Мурат Аскароглы уулун башка чаап, андан соң жол жээгине таштап салганын мойнуна алган. Ал бул кадамга мас абалында барганын айткан.

Сот учурунда ал полиция кызматкерлеринин кысымы алдында көрсөтмө бергенин билдирип, айыптоолорду четке каккан.

Мамлекеттик клиниканын дарыгерлери бала авариядан эмес, соккудан жаракат алганын ырасташкан. Көз карандысыз дарыгер наристени машина коюп кеткен болушу ыктымал деп көрсөтмө берген, бирок сот аны көңүлгө алган эмес.

Сотто бала суралган жок. Ал бул окуядан кийин бир нече күн комада жаткан, баш сөөгүнө операция жасалган. Учурда наристенин ден соолугу жакшы.

Количество просмотров: 109