• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Казакстандын башкы прокурору алмашты

18 Жалган куран 2019 18:18 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.03.2019.Govori.TV.

Казакстандын башкы прокурору болуп Гизат Нурдаулетов дайындалды. Ал буга чейин башкы прокурордун орун басары кызматында иштеп келген.

Президент Нурсултан Назарбаев кол койгон жарлыкка ылайык, өлкөнүн башкы көзөмөл органын 2017-жылдан бер башкарып келген 53 жаштагы Кайрат Кожамжаров “башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу” кызматтан алынды.

55 жаштагы Нурдаулетов 1996–1997-жылдары Казакстандын Мамлекеттик тергөө комитетинде иштеген. 1997-жылы бул орган жоюлгандан кийин эмгек жолун Улуттук коопсуздук комитетинде (УКК) уланткан. 2007–2017-жылдары УККнын Алматы облусу боюнча департаментин жетектеген. 2017-жылдан июлунан бери башкы прокурордун биринчи орун басары кызматында иштеп келген.

Количество просмотров: 21