• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Казакстандын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келди

28 Бугу 2021 12:56 Бишкек Govori.TV

Казакстандын премьер-министринин орун басары — тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди 28-майда Кыргызстанга расмий сапар менен келди.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, сапар алкагында эки өлкө ортосундагы соодага байланыштуу тоскоолдуктарды жоюу, жүк ташуучу автоунааларды өткөрүүдөгү маселелерди чечүү өңдүү экономикалык кызматташтыктар талкууланат.

Тлеубердинин сапары кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде Казакстанга кирүү үчүн ондогон жүк автоунааларынын тыгыны жаралган учурга туш келди. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы 27-майда мындай узун тыгындын пайда болушун экономика жанданып, оор жүк ташыган автоунаалардын көбөйгөнүнө байланыштырган.

Тлеуберди Кыргызстанда эки күн болот. Президент менен, Жогорку Кеңештин төрагасы менен жолугат, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Количество просмотров: 116