Бишкек. 04.02.2019. Govori.TV
Казакстандын Астана шаарында жеке турак үйлөрдүн биринен өрт чыгып, анын кесепетинен беш бир тууган көз жумду. Бул тууралуу Tengrinews.kz порталы жазып чыкты.
Окуя 4-февралга караган түнү саат 02:34 чамасында катталып, өрт өчүрүү кызматына кабар келип түшкөн. Саат 03:06да тилсиз жоо чектөөгө алынып, 03:24ттө толугу менен өчүрүлгөн.
Куткаруу кызматы үйдүн ичинен 5 бир туугандын жансыз денелерин алып чыккан. Наристелердин улуусу 2006-жылкы болсо, эң кенжеси 2018-жылкы болгон. Алардын ата-энеси ал мезгилде жумушта экени айтылган.
Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп, өрттүн келип чыгуу себеби азырынча белгисиз.