• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Казбек Эргешов Бишкек шаардык кеңешине жаңы депутат келди

12 Бирдин айы 2019 10:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 12.02.2019. Govori.TV

Казбек Эргешов «Республика-Ата-Журт» фракциясынан Бишкек шаардык кеңешине эл өкүлү болуп келди. Кеңештин 12-февралдагы сессиясында депутатка мандаты тапшырылды.

Эске салсак, Жогорку сот Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жусупбек Коргонбай уулун мандатынан ажыраткан.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматовдун маалыматы боюнча, ал Орусиянын жарандыгын 2007-жылы алган. Муну Орусиянын Юстиция министрлиги тастыктаган. Кийинчерээк анын жактоочусу Орусиядан алган паспорту жараксыз экенин билдирген.

Количество просмотров: 32