• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Келдибаев: Мигранттардын балдары үчүн жатак мектеп уюштурулушу зарыл

28 Бирдин айы 201911:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.02.2019.Govori.TV.

Депутат Сагындык Келдибаев чет жакта иштеп жүргөн мигранттардын балдары тууралуу маселе көтөрүп аларга ар тараптан колдоо керектигин ЖК жалпы жыйынында айтты.

Депутат мигранттар акча которуп жатат деп тим болбостон, анын артындагы көйгөйдү чечүү керек экенин айтты.

«Былтыр 2017-жылы 522 киши өз жанын кыйган. Анын ичинде мигрант ата-энелердин балдары дагы бар. Алардын балдары ар кандай кыйноолорго учурап, арты өлүм менен аяктап жатат. Мигранттар мынча акча которду деп сүйүнүп отурбастан, алардын артынан ээрчиген бир топ көйгөйлөрдү да чечүү жолун издөө керек. Мындан тышкары мигранттардын балдары үчүн жатак мектеп уюштурулушу зарыл. Эгерде балдарын жатак мектепке беришпейбиз десе, ата-энелердин бирөө гана сыртка чыгып иштөөсүн милденттендирүү керек», — деди эл өкүлү.

Теги:
Количество просмотров: 29