Бишкек. 26.02.2019. Govori.TV
Экс-президент Алмазбек Атамбаев жана «Апрель ТВ» телеканалы боюнча 3-соттук отурум өтүүдө. Анда Жогорку Кеңештин мурунку спикери Акматбек Келдибеков Алмазбек Атамбаевди жана ага караштуу “Апрель” телеканалын сотко берген.
Анын себебин экс-президент Алмазбек Атамбаев өлкөнү башкарып турган кезде өзүнө карата туура эмес күнөөлөр коюлуп, коомдук телеканалдар аркылуу байма-бай жарыялап турганын айтты.
“Мен эч кандай мамлекеттин акчасын уурдаган эмесмин, эч кимден арыз түшкөн эмес. Мени курулай каралашты”,-дейт Келдибеков.