• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Келип бир кубандырган Путин, кетип бир сүйүнттү… (Жыйынтык)

28 Жалган куран 2019 20:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.03.2019.Govori.TV.

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин 28-мартта, мамлекеттик визит менен Кыргызстанга таң эрте саат 7:45 учуп келди

Сүрөт
Султан Досалиев

«Манас» эл аралык аэропортунда Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Расмий жолугушуу аземи «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында өттү. Владимир Путин Ардактуу кароол менен кыргыз тилинде «салам, аскер!» деп учурашты.

Эки мамлекеттин башчыларынын сүйлөшүүсү алгач чакан форматта болуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөр андан кийин кеңири курамда эки өлкөнүн делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда уланды.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кызматташтык боюнча 16 документке кол койду.

Анын негизгилерин бири Орусиянын Кыргызстандагы «Кант» авибазасынын макамын өзгөртүү жөнүндө экени айтылды.

Мунун алдында аталган базаны орусиялык басылмалар Орусиянын укуктук порталында жарыяланган протоколго таянып Москва менен Бишкек жетишкен жаңы макулдашууга ылайык жер аянтына болгон ижара акысы көбөйтүлөрүн жазды.

2019-жылдын 23-мартында кабыл алынган токтомго ылайык, орус тарап эми авиабаза үчүн Кыргызстанга жылына $4 миллион 794 миң доллар төлөйт. Мурда бул сумма $4,5 миллион доллардын тегерегин түзчү. Кошула турган сумма 291 миң доллар болору айкын болду.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=2248296521897447&id=100001513643930

Мурдараак Кыргызстан менен Орусиянын президенти 30дай документке кол коюлаары кабарланып жаткан.

Россиянын президентин коштоп келген Федералдык бажы кызматынын мурдагы жетекчиси, ЕАБРдин өкүлү Андрей Бельяниновду көрүп, КР президенти С Жээнбеков жылмайганга аргасыз болду.

8чи кыргыз-россиялык региондор аралык конференцияда, Кыргызстан менен Россиянын ортосунда жалпы 6 млрд. доллардан ашуун суммага эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Кыргызстандын жана Россиянын Президенттери басма сөз өкүлдөрүнө биргелешкен билдирүү жасашты.

Расмий иш-чаралардан соң, Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге тайган белек кылды.

“Мындай белек Путинге жакты. Анткени ал жылкы менен итти жакшы көрөт.

Ал эми Путин өз кезегинде Кыргызстандын президенттин өзүнүн лимузин унаасында кыдыртты”,-деп жазат орус журналисти Дмитрий Смирнов.

Путин Кыргызстанга мамлекеттик визитинин алкагында Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы үй-музейге барды.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Президент Владимир Путин Ч.Айтматов атындагы үй-музейге барыштыПрезидент Сооронбай Жээнбеков и Президент Владимир Путин посетили дом-музей им. Ч.Айтматова

Опубликовано Ulan Satiev Четверг, 28 марта 2019 г.

Президенттер жазуучунун үй-бүлөсү менен маектешти, Чыңгыз Айтматовдун уулу Эльдар Айтматов аларга музей жөнүндө, атасынын өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу айтып берди. Ал эми Путин, “Кыргызстан менен Россиянын региондорунда Айтматовдун 90 жылдыгы жакшы деңгээлде белгиленди. Ал эми азыр Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине келип ырахат алдым”,-деген.

Президент Сооронбай Жээнбеков менен Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Россия лидеринин мамлекеттик визитин жыйынтыктап, Бишкек шаарындагы  Жеңиш аянтында Түбөлүк отко гүлчамбар коюшту.

Сүрөт
http://kremlin.ru

Кечки сый тамактануудан кийин Владимир Путин түнү менен учуп кетти.

Теги:
Количество просмотров: 55