• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кемпир -Абад иши боюнча кармалгандар сотко жеткирилди (видео)

20 Бештин айы 202310:05 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20-декабрда Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандар соту өтүп жатат. Учурда сотко абактагы айыпталуучулар жеткирилди.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер 2022-жылдын октябрь айында камалган. Ушул тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары үй камагына чыккан.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон.

Количество просмотров: 131