Жалал-Абад шаарында жалган маалыматтар менен кайыр сурагандар аныкталды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ШИИБ тарабанын шаар аймагында коомдук тартипти сактоо, кылмыштардын жана жоруктардын алдын алуу, ошондой эле кылмыш жасоого көмөк көрсөткөн себептерди аныктоо, аларды жоюу максатында «Укук жана тартип» аттуу рейд өткөрүлүүдө. Рейд учурунда коомдук жайларда жарандарга терс таасирин тийгизип, борбордук көчөлөрдө унаа тыгындарды, ыңгайсыздыктарды жаратып, тилемчилик менен алектенген кайырчылар менен жеке жумуштар жүргүзүлдү.
Тактап айтканда алардын өздүгү аныкталып, 24 жаштагы кыз улгайган кемпирдин кийимин кийип, жүзүн жаап, отуруп алып кайырчылык кылып жүргөндүгү белгилүү болду. Ал эми 46 жаштагы аял Жалал-Абад шаарындагы асма көпүрөдө «менин эжем рак оорусу менен ооруйт» деген жалган маалыматтар камтылган баракчаны көтөрүп, тилемчилик кылып жатканы такталды.
Рейд учурунда кармалган жарандардын бармак издери алынып, Жалал-Абад ШИИБге каттоого түшүрүлгөндөн кийин топтолгон тиешелүү материалдардын негизинде айып пулдар салынды.
Мындан тышкары көчөдө мас абалында баласына көңүл бурбай жүргөн бир аял аныкталып, анын 8 жаштагы баласы Жалал-Абад шаардык Эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмүнүн адистери менен биргеликте «Ак Жол» балдарды коргоо бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Жалал-Абад ШИИБ тарабынан өткөрүлүп жаткан «Укук жана тартип» рейди 7-декабрга чейин улантылат.
Булак: turmush.kg