Бишкек. 25.02.2019. Govori.TV
Буга чейин «Кыз Бурак» тобунунун мурунку солисткалары, «эже-сиңди» болуп жүргөн Кенже Дүйшеева менен Айжамал Кабылованын ортосундагы чыр көптөн бери кайым түрдө уланып келсе, эми ачыкка чыгып уруша баштады.
Ырчылар өздөрүнүн инстаграм баракчасы аркылуу бири-бирине «сериал» жазгандай эле постторду чыгарып келүүдө. Мындай «посттордун» аягы тыйылбай жаткан учурда Кенже Дүйшеева Айжамал Кабылованы бүткүл кыргыз элинин алдында беттешүү үчүн түз эфирге чакырды.

Буга чейин Айжамал Кабылова Кенже Дүйшееванын жазгандарына жооп кылып төрт бөлүктөн турган пост жазган. Төмөндө Кабылованын төртүнчү билдүүрүсү.
