• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кепшн видео: Асылбаеванын мыйзамы фейкке каршыбы же сөз эркиндигинеби?

29 Баш оона 2022 15:19 Бишкек Govori.TV

Экс-депутат Гүлшат Асылбаева президент Жээнбековдун тушунда интернеттеги маалыматтар анын жеке жашоосуна таасирин тийгизип жатканын айтып, фейктерге каршы мыйзам долбоорун сунуштаган.

Мыйзам долбоору катуу сындалып, Бишкекте ага каршы бир нече митинг өткөн. Натыйжада документ артка кайтарылган.

2021-жылдын 23-августунда президент Садыр Жапаров «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга кол койгон. Мыйзамды аткаруу милдети Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлгөн.

Авторлордун бири убагында фейктерге каршы мыйзам сөз эркиндигине залакасы тийбей турганын айтканы бар.

Бирок, «Фейктер» тууралуу мыйзамдын негизинде 24.kgни жабуу аракети болду.

Бишкектеги «Амбасадор» мейманканасы аталган сайтка каршы арыз жазган. 24.кg агенттигинин башчысы Асел Оторбаева сайтты убактылуу жабуу тууралуу маалымат берилбегенин, «фейктер» тууралуу мыйзамды аткаруу жол-жобосу так эмес экенин жазды.

Фейктер жөнүндө мыйзамды Маданият министрлиги буга чейин да колдонгон, анда ал Res Publica сайтын эки айга бөгөттөгөн.

Медиа коомчулук бул окуяны сөз эркиндигине карата кезектеги чабуул катары сыпаттап жатат.

Количество просмотров: 166