• Жума 23 Чын куран 2021

Кепшн видео: Бийликтеги чоң муштумдар

10 марта 2021 в 10:03 Бишкек Govori.TV
  • Парламентте депутаттар маселени муштум менен чечкенге маш келет.
  • Буга чейин Тазабек Икрамов менен Экмат Байбакпаев кара түтүн маселесинен улам кайым айтышып, жакалаша кеткен.
  • Дагы бир жыйында депутат Тазабек Икрамов кесиптешин жулкуганы талкуу жараткан.
  • Октябрь окуясында Алтынбек Сулайманов менен Канатбек Керезбеков мушташканга чейин барышкан.
  • Ошол эле Сулайманов 2011-жылы Ташиев менен мушташа кеткен. Арачага түшкөндөр дагы муштум жеген.
  • Мушташтар парламентте эле эмес, дебаттарда дагы орун алат. Жапыкеев менен Таштанбековду дебаттан кийин милиция ажыратканы бар.
  • Мушташып маселе чече албаган депутаттар эми жыйында түз эле сөгүшкөнгө өтүштү. Алсак, эл өкүлдөрү Райымкулов менен Бекешев бири-бирин ашата сөктү.
Количество просмотров: 175