Министр COVID-19га каршы элди уу коргошундун тундурмасы менен дарылап жатканын айтып чыкты.
Ал илдеттен айыктырган даарыны президент экөө чоогу кайнатып жатышканын билдирди.
Президент менен министрдин ачылышын коомчулук сын менен кабыл алды.
Бири каршы чыкса, айрымдар уу коргошун буга чейин эле башка илдетке даба катары колдонулганын белгилешет.
Ал эми ДССУ кайсы дары болбосун клиникалык изилдөөдөн өтүшү керектигин, ансыз элди дарылоо кооптуу дейт.
Эксперттер, активисттер министрдин отставкасын талап кылышса, ЖК комитети Бейшеналиевди кызматтан алууну өкмөткө сунуштады.
Ал арада элдик медицина темасы козголду.
Айта кесек, буга чейин элдик дарылоонун тегерегинде чоң чуу чыккан.
Табып Хашим Зайналиев жарандарды чөп-тамырлардын кайнатмасы менен даарылап, ага карата кылмыш иши да ачылган.