• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кепшн видео: Референдум мыйзамын депутаттар коркконунан колдодубу?

11 Жалган куран 2021 19:20 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин жалпы жыйыныда депутат Акаев мыйзам долбоору боюнча нааразычылыгын билдирди.

«Биринчиден, мыйзам долбоорлору каралып жатканда күн тартибине өзгөртүү киргизилбеши керек. Экинчиден, регламентти өткөн шаршемби күнү да одоно буздук. Анткени 85-берененин 4-пунктунда добуш берүү укугун башка депутатка берүүгө тыюу салынат деп так жазылган. Абакта жаткан Дүйшөн Төрөкулов «макул» деп добуш бергени чыкты. Демек биз бүгүн Конституцияны экинчи, үчүнчү окуудан карабашыбыз керек, кайра биринчи башкарууга өтүшүбүз шарт. Эгер ушундай жол менен кетсек, шерменде Конституция болот», — деди Жанар Акаев.

Ошондой эле ал мыйзам долбоору  комитет карабай туруп жалпы жыйынга алып чыкканын белгиледи:

«Эмне өлкөнүн эң башкы документин ууруларча кабыл алабызбы? Даана шерменде болбодукпу. Баш мыйзам мындай жол менен кабыл алынбашы керек. Ошондуктан кийинки жумага калтыралы».

Ал эми Рыскелди Момбеков ушундай эле пикирин айтып, процесс «зордуктоо» жолу менен кетип жатканын билдирди.

“Эми мейли турмөдөгү адамга добуш бердирдик, бирок мүрзөдөгү адамга добуш бердиртип уят болуп жатпайбызбы. Ушунча да зордук менен кабыл алабызбы. Шылдың болуп жататабыз. Мына кечээ Феликс Шаршенбаевичтин постун окуп калдым Жапаровго кирип чыктым деп. Ал жазып жатат Жапаровдун Баш мыйзам боюнча оюу башкача экен дейт. Мен такыр эле таң калып жатам, кайсы Жапаровдун оюуну болуп жатат? Берген добуш үчун акыретте, тарых алдында жооп беребиз. Кийин эки депутат чыгып эле чечимдерди жокко чыгарып, утуп алат”, — дейт Рыскелди Момбеков.

Ал арада Дастан Бекешев «азыр мыйзам менен эмес, түшүнүк менен жашап калдык” деген пикирин билдирди. Ал депутаттар Конституцияны талашып жатканда, карапайым эл жан багуу аракетин көрүп жатканын айтат.

“Бул жерде олтургандардын көбү бай адамдар. Парламент бизнес-клубдай. Балким силер өзүңөр үчүн кандайдыр бир суроолорду чечип алгандырсыңар, балким силер бизнес менен алек болсуздар, же жакындарыңыз. Силер эл ичинде эмне болуп жатканын билсеңиздер. Бул жерде биз Конституция талуулап жатканда, баалар өсүп жатат. Эмне үчүн президент бул маселелерди чечпейт? Бензин кымбаттоодо. Адамдарда тамак-ашка акча жетпей жатат, анан кайдагы Конституция? Силер абдан жакшы билесиздер ал өтөт. Муну силер өз каалоңор менен кылып жаткан жоксуздар, силерди “аябай” суранышкан. Эгер муну силер кылбасаңар билесиңер эртең эмне болоорун. Бирин камашты эртең экинчисин, үчүнчүсүн да камашат”, — деди эл өкүлү.

Бүгүн, 11-мартта депутаттар Конституция жөнүндөгү мыйзам долбоору боюнча референдум дайындоо тууралуу мыйзамды экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алып беришти.

Жыйынга 100 депутат катышканы айтылды. Анын 94 макул добуш берсе депутат каршы болушту.

Количество просмотров: 119