• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Кеткиле!». Транспорт министри Нарын-Баетов жолунун курулушун текшерди

22 Теке 202516:57 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-июлда транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын-Баетов автожолундагы курулуш иштерин текшерди.

Ведомстводон билдиришкендей, Сыргабаев аталган жолдун 8-13-чакырым аралыгында иштин жүрүшүн сынга алып, 10 күндүн ичинде асфальт басуу тапшырмасын койду.

Ошондой эле министр Нарын — Баетов жолундагы 72 метр көпүрөнүн курулушун тездетүүнү тапшырды.

Ведомство жетекчиси аталган жолдун курулушу жеке көзөмөлүндө болорун баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Нарын — Баетов жолунун жалпы узундугу 120 чакырымды түзөт. Анын 46 чакырымын оңдоо каралган. Жол 2 тилкелүү 10 тонна жүккө ылайыкталып салынууда.

Количество просмотров: 320