• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Кишилерди сүздүрө айдаган кичиавтобустун айдоочусу кармалды

2 Тогуздун айы 202017:25 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында кишилерди сүздүрө айдаган кичиавтобустун айдоочусу кармалды.

Ал 25 жаштагы жаран экенин облустук милициядан билдиришти. Маалыматка караганда, факты алгач Кылмыш кодексинин 266-беренеси («Бейбаштык»), 297-берене («Жол коопсуздугунун жана автоунаа каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу») менен Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кийинчерээк 39-130-беренеге («Киши өмүрүнө кол салуу») которулду.

Кармалган айдоочу убактылуу кармоочу жайга камалып, анын машинеси айып жайына киргизилди. Окуяга катышкандар чогуу спирт ичимдик ичкен деген версия бар.

25-сентябрда Кызыл-Кыя шаарында орун алган окуянын видеосу Интернетте тараган. Анда кичи автобустун айдоочусу көчөдө турган бир нече адамды сүздүрүп, ары-бери айдап жатканын көрүүгө болот. Окуяда жабыркаган Кадамжай районунун тургуну аймактык ооруканага түшкөн.

Милиция айдоочу изин жашырып кеткенин айтып, издеп жаткан.

Количество просмотров: 937