• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

ӨКМ: Бир суткада эки адам сууга чөгүп каза болду

7 Теке 202010:55 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде эки адам сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызиматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Бел-Алды айылынын Борду-Кыя суусуна 6-июлда 19 жаштагы жигит түшүп кеткен. Анын сөөгү кечинде табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Ошол эле күнү  Чүйдүн Кемин районуна караштуу Нур айылында Чүй суусуна 12 жаштагы бала түшүп кеткен. Баланын сөөгүн куткаруучулар бүгүн эртең менен таап, милицияга өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 85