Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Үстүбүздөгү жылдын 24-февралынан 25-февралына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда:
— Мырза-Аке — Кара-Кулжа —Алайкуу автоунаа жолунун 55-115-чакырымында;
— Бишкек — Нарын — Торугарт автоунаа жолунун 292-305-чакырымынын Долон ашуусунда ;
— 353-357 чакырымындагы Кызыл-Бел ашуусунда;
— Казарман — Ак-Тал — Чат автоунаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымынын Кара-Гоо ашуусу, Ийри-Суу тилкесинде;
— Каракол — Эңилчек автоунаа жолунун 45-90 чакырымындагы Чоң-Ашуу ашуусунда, Барскоон — Ак-Шыйрак автоунаа жолунун 52-68-чакырымдарындагы Сөөк ашуусунда жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Ошондой эле ӨКМ алыскы жолго чыгууда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк, жол азыгын, ысык суу, дары-дармек топтомун алууну, зарылдыгы жок болсо, жол жүрүүнү башка күнгө жылдырып турууну сунуштайт.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.