• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Өкмөт Бакиевдин келе элек акчасынын эсебин тапты

25 Бирдин айы 201918:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 25.02.2019. Govori.TV.

Бүгүн кыргыз өкмөтү менен АКШнын өкмөтүнүн ортосунда «Курманбек Бакиевдин режиминде чыгарылган активдерди кайтаруу» келишимине кол коюлду.

Келишимге Кыргызстандын финансы министри Бактыгүл Жээнбаева менен АКШнын мамлекеттик катчысынынын жардамчысынын орун басары Лис Уэллс кол койду.

Келишимде АКШ тараптан кайтарыла турган 4,5 миллион доллардын кайда жумшалаары жазылган.

Өкмөт кайтарыла турган каражаттын көпчүлүк бөлүгүн региондордогу саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүгө жумшап, облустук бейтапканаларга рентгендик жана диагностикалык жабдууларды алаары белгилүү болду.

Каражаттын калган бөлүгү коррупцияга каршы күрөшүүгө арналган түзүмдөрдүн ишин чыңдооого жана райондук сотторго аудио-видео жабдуулары алынмакчы.

Теги:
Количество просмотров: 19