• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Өкмөт башчы мамлекеттик тоо-кен компаниясын түзүүнү сунуштады

30 Үчтүн айы 201912:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.01.2019.Govori.TV.

Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик тоо-кен компаниясын түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал Коопсуздук кеңешинин жыйынында cүйлөп жатып билдирди.

» «Кыргызалтын» илең-салаң иштеген компанияга айланды. Кумтөрдө алтындын азайганына байланыштуу, андан кийинки чараларды иштеп жатабыз. Сыртка ташылган рудаларга салык салынат. Кайра иштете турган ишкана курууга кеминде эки-үч жыл керек, ошондуктан салык салуу жагы каралат. Азыр рудалар сыртка мыйзамсыз ташылып, бюджетке акча түшпөй жатат», — деди Абылгазиев.

Жыйын учурунда Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев региондорду өнүктүрүүгө жумшоо максатында алтын кенден түшкөн акчаларды сала турган фонд түзүүнү сунуштады.

Коопсуздук кеңешинин бүгүнкү жыйыны жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу чараларына арналган.

Теги:
Количество просмотров: 18