Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандын футбол боюнча курама командасына 2 млн. сомдук сертификат тапшырды. Бул тууралуу өкмөт башчы бүгүн, 24-январда Ала-Тоо аянтында Азия Кубогуна катышып, Бириккен Араб Эмираттарынан учуп келген футболчуларды тосуп алуу иш-чарасында айтып, сертификатты башкы машыктыруучу Александр Крестининге берди.
Ошондой эле, Абылгазиев стадионду куру боюнча маселе жакыг арада чечиле турганын айтып чыкты.
Футбол боюнча курама команданы расмий тосуп алуу иш чарасынан түз эфирди Kyrgyz Azattyk Unalgysy алып барды