Кыргызстандан чыккан жүк ташуучулардын маселеси чечилип, алар мекенине кайтып келе жатышат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
«10 унаа Азербайжан Республикасынын Россия Федерациясы менен чек арасындагы “Самур” көзөмөл-өткөрмө жайынан өтүү үчүн күтүп турушат. 25 унаа Казакстан Республикасы арркылуу Кыргыз Республикасына келе жатышат. Дагы бир айдоочу Казакстандын Россия Федерациясы менен чек арасынан өткөндөн кийин карантинге алынды. Анткени ал Казакстан Республикасынын жараны болуп саналат», — деп айтылат маалыматта.
Ал эми Тышкы иштер министрлиги бул маселе өзгөчө көзөмөлдө, ал эми айдоочулар менен үзгүлтүксүз байланыш бар экендигин эскертет.