• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Өкмөт коронавирустун экинчи толкунуна даярданып, медиктерди окутуп жатат

4 Баш оона 2020 18:45 Бишкек Govori.TV

Күз айларында кайталанышы мүмкүн делген коронавирустун экинчи толкунуна өкмөт даярдык көрүп, анын алкагында вирус менен күрөшүү үчүн адистерди окутууну улантууда. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында белгилүү болду.

Премьер-министр Бороновдун айтымында, дарыгерлер стоматолог, же ортопед болсо да, окуудан өтүп, зарыл болгон учурда бекитилген протоколдорго ылайык коронавирусту дарылоого даяр болушу керек.

«Мейли ал стоматолог, же ортопед болсун, бирок зарыл болгон учурда окуудан өтүп, бекитилген протоколдорго ылайык дарылоого даяр болсун. Алгачкы медико-санитардык кызмат көрсөтүү адистерин жаңы клиникалык протоколдорго ылайык дарылоого онлайн режимде окутуу ишин күчөтүү зарыл. Протоколдорду туура пайдалануу жана тийиштүү дарылоону камсыздоо абдан маанилүү», — деди өкмөт башчы.

Ушул күнгө чейин 18 миңден ашуун адис квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүштү. Учурда алгачкы медико-санитардык кызмат көрсөтүү адистери окуудан өтүүдө. Өзгөчө азыр Кыргызстанга  инфекционист, кардиолог, терапевт, лаборант жана эпидемиологдор талап кылынууда.

Количество просмотров: 198