• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Өкмөт лобби компания менен $1 млн келишим түзүлдү деген маалыматты четке какты

5 Жетинин айы 2020 17:24 Бишкек Govori.TV

Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаровдун израилдик лоббист менен 1 миллион долларга келишим түздү деген маалыматтарды расмий түрдө четке какты.

«Аталган маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын гана эмес, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келээрин белгилеп кетебиз. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жеке компаниялардын келишимдерин жөнгө салбайт жана эл аралык аянттарда өз кызыкчылыгын сүрөөгө муктаж эмес, анткени, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бардык эл аралык уюмдар менен ишенимдүү мамилеге ээ. Андыктан, аталган маалымат чындыкка жатпайт жана Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаровдун ар-намысына шек келтирет»,-деп айтылат маалыматта.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү маалымдагандай, эл аралык инвесторлор менен иш алып баруу боюнча ар кандай чечимдер Кыргыз Республикасынын мамлекетинин жана элинин кызыкчылыгын эске алуу менен гана кабыл алынат.

Белгилей кетсек, бүгүн, 5-ноябрда ForeignLobby.com сайты Садыр Жапаров башында турган Кыргызстандын өкмөтү башка өлкөлөрдүн расмийлери менен жолугушуу уюштуруу үчүн канадалык лобби компаниясы менен 1 млн долларга келишим түздү деген маалымат жарыялаган. Маалыматта кыргыз бийлиги чет элдик донорлордон жардам алуу жана АКШ, Израиль, араб өлкөлөрүнүн расмийлери менен мамиле куруу үчүн баш кеңсеси Монреалда жайгашкан Dickens & Madson Canada лобби компаниясы менен келишим түзгөнү айтылат.

Количество просмотров: 84