Куткаруучулар тоодо дайынсыз жоголгон 4 баланы табышты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 8-мартта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында тоого 4 бала чыгып, акыркы жолу саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
11 жаштагы үч бала жана 16 жаштагы бир баланы издөөдө жетүү кыйын аймак болгондуктан, ИИМдин кызматкерлери көмөк көрсөтүү боюнча кайрылышкан. Издөө ишин жүргүзүүгө ӨКМдин Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан Авариялык куткаруу унаасы менен 3 куткаруучу, ИИМден 4 кызматкер жана туугандарынан 3 адам тартылган.
Натыйжада куткаруучулар тарабынан түнкү саат 12:10до жогорудагы 4 бала аман-эсен табылып, ата-энелерине өткөрүлүп берилген.