• Жекшемби 26 Теке 2026
  • Воскресенье 26 Июль 2026

Кочкордо эки унаа кагышып, жети адам жаракат алды

27 Баш оона 202115:38 Бишкек Govori.TV

Нарын облусунун Кочкор районундагы Сары-Булак — Орук-Там унаа жолунун 23-чакырымында (Лахол айылы) Subaru Forester жана “Нива” үлгүсүндөгү унаалары сүзүштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 7 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Учурда алардын өздүгү такталууда.

Куткаруучулар жабыркаган жарандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Куткаруу иштерине Кочкор райондук №42 өрт куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу тартылган.

Количество просмотров: 1604