• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Кочкоров: Майып балдардын жөлөк пулу 18-январдан тарта бериле баштайт

18 Үчтүн айы 201919:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 18.01.2019. Govori.TV

Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ай сайын төлөнө турган жөлөк пул кечигип жатканын «Майып балдардын ата-энелери» ассоциациясынын мүчөлөрү кабарлашкан. Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров жөлөк пул бир нече күн кечиктирилгенин ырастап, 21-январдан тарта бериле баштарын билдирди:

Жыл башы болгондуктан, Финансы министрлиги каржылоону ачпай жаткан. Анын үстүнө сегиз күн майрам болуп калды. 16-январдан тарта каржылоо ачылды, райондорго акча жиберилди. 18-январдан тарта жөлөк пул бериле баштады, — деди Кочкоров.

Кыргызстанда отуз миңден ашуун майып бала бар. Алар ай сайын төрт миң сомдон жөлөк пул алышат.

Теги:
Количество просмотров: 22