• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум кайра жылдырылды

29 Чын куран 2020 10:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуялары боюнча ачылган кылмыш ишин кароо айрым адвокаттардын келбей калгандыгына байланыштуу 6-майга жылдырылды. Бул тууралуу КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазды.

Отурумга мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди бүгүн, 29-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотуна алып келишкен, бирок айрым адвокаттардын келбей калгандыгына байланыштуу соттук отурум 6-майга жылдырылды.

Эске сала кетсек, 7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында, УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери каза болгон жана 175 адам ар түрдүү мүнөздөгү жаракаттарды алып, ооруканаларга кайрылган.

Количество просмотров: 89