• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кой-Таш окуясы боюнча тергөө иши аяктады

10 Үчтүн айы 2020 10:29 Бишкек Govori.TV

7-8-августтагы Кой-Таш окуясы боюнча тергөө иши аяктады. Бул тууралуу жактоочу Сергей Слесарев 24.kg агенттигине билдирген.

Анын айтымында, 10-январдан баштап жактоочулар жана шектүүлөр кылмыш ишинин материалдары менен таанышат.

«Кылмыш ишинде канча том бар экенин азырынча белгисиз. Кээ бир экспертизалардын, айрыкча баллистикалык экспертизанын жыйынтыктары менен тааныштык, бирок ага макул эмеспиз. Бул боюнча талашып тартышабыз. ИИМдин Тергөө кызматы бизди баардык документтер менен таанышып чыгуу процессин создуктуруп жатат деп күнөөлөй турган болсо таң калбайм», — деп билдирген жактоочу Слесарев.

Мындан сырткары, жактоочу «Массалык башаламандык», «Бейбаштык», «Адам өлтүрүү», «Адам өмүрүнө кол салуу», «Бийлик өкүлүнө карата зомбулук же коркутуу», «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу», «Куралды мыйзамсыз жүгүртүү», «Кишилерди барымтага алуу» беренелери боюнча кылмыш ишин козголгонун кошумчалаган.

Количество просмотров: 96