• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү

21 Жетинин айы 2019 11:59 Бишкек Govori.TV

Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү. Документке комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшкан. Ал парламентте качан каралары азырынча белгисиз.

Өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 21-ноябрда тараткан маалымат боюнча, комиссиянын жетекчиси вице-премьер-министри Жеңиш Разаков комиссиянын мүчөлөрү менен жолугуп Кой-Таш окуясынын жагдайлары ар тараптуу иликтенгенин айтты.

Буга чейин комиссиянын корутундусунун долбооруна комиссиянын мүчөлөрү Клара Сооронкулова жана Жаркынбек Касымбеков каршы добуш берген. Алар муну Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операциянын башында турган УКМК, ИИМдин жетекчилеринин жоопкерчилиги каралбай калганы менен түшүндүргөн.

Кой-Таштагы окуяларды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия 29-августта түзүлгөн. Анын курамына вице-премьер Жеңиш Разаков баш болгон өкмөт өкүлдөрү, парламенттин бир нече депутаты, коомдук ишмерлер жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирген.

Комиссия эки ай бою иш алып барды. Анын жүрүшүндө окуяга күбө болгондор, тиешелүү органдардын өкүлдөрү маалымат берип, Кой-Таш айылынын тургундары менен жолуккан. Мындан сырткары комиссия мүчөлөрү мурдагы президентти кармоо маалындагы башаламандык боюнча козголгон кылмыш ишинин материалдары, анын ичинде жашыруун маалыматтар менен таанышкан.

Комиссия ишин жүргүзүп жаткан чакта эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери нааразылыгын билдирип чыгышкан. Алар комиссия бир тараптуу чечим чыгарат деп жүйө кылышкан.

Количество просмотров: 49