Бишкек.10.01.2019.Govori.TV.
Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылында жолтандабас 19 жаштагы жергиликтүү тургунду коюп, айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткени видеого түшүп калган.
Кадрдан көрүнгөндөй, төрт бала унаа жолго чыгып, алардын бири имараттын экинчи кабатынан ыргытылган топту кармайт. Ал жолдун аркы тарабынан өткөндө, артынан дагы экөө чуркайт. Бирөө жолдун ортосуна жеткенде Mitsubishi үлгүсүндөгү жолтандабас сүзүп кеткен.
Унаа токтоп ичинен бир нече адам жана айдоочу чыккан. Бирок алар жардам бербей, бери жактагы кишилер токтотууга аракет кылганына карабай качып кеткен.