• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Кой-Таштагы талаадан 25 жаштагы жигиттин денеси табылды

26 Бирдин айы 201916:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 26.02.2019. Govori.TV

Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы талаада «Мазда» үлгүсүндөгү унаадан адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Аламүдүн РИИБге унаадан жансыз дене табылганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Айтылган дарекке ыкчам тергөө тобу жөнөтүлүп, ал жерден октон жаракат алган эркек адамдын денеси табылган. Милиция кызматкерлери каза болгон адам 25 жаштагы Ш.А. экенин аныкташты.

Милициянын маалыматы боюнча, жансыз денени куруучулар таап, алар ден соолукту чыңдоочу комплекстин нөөмөттөгү кызматкерлерине билдиришкен. Ал эми алар милиция кызматкерлерине окуя тууралуу кабарлашкан.

Бул факты кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Тергөө кызматы тиешелүү кызматтарга окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча тапшырма берди. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Теги:
Количество просмотров: 22