• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кол тийбестиктен ажыратуу жеке Атамбаевге тиешелүү эмес – Жээнбеков

19 Бештин айы 2018 14:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.12.2018.Govori.TV.

Конституцияга президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси жеке бир адамга тийиштүү эмес. Бул тууралуу учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында берилген суроого жооп берип жатып, президент бул демилге бир гана экс-президент Алмазбек Атамбаевге тиешеси болсо мындай өзгөртүүлөргө каршы болорун белгиледи.

“Бул жеке Атамбаевге тиешелүү эмес. Эгер бул маселе ага эле катыштуу болсо мен каршы чыкмакмын. Убактысы келгенде мен да мамлекет башчы кызматын өткөрүп берем. Ошондо мыйзамдын бул бөлүму мага карата иштейт. Мыйзам алдында бардыгы бирдей жооп бериши зарыл”, — деди ал.

Мындан тышкары ал айрым иштер боюнча жоопкерчиликке тартылып жаткандар анын демилгеси менен эмес, конкреттүү факт жана мыйзамга ылайык болуп жатканын кошумчалады.

Теги:
Количество просмотров: 7