• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Колуна кишен салынган Равшан Жээнбеков жаңы жыл менен куттуктады

31 Бештин айы 2019 20:04 Бишкек Govori.TV

Колуна кишен салынган Равшан Жээнбеков жаңы жыл менен куттуктады. Видеону уулу Азат социалдык тармактарга жарыялады.

«Атамды күтүп, куттуктадым!», — деп жазган Азат Жээнбеков.

Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгөрткөн жок. Равшан Жээнбеков 9-февралга чейин камакта калды. Чечим 26-декабрда чыкты. Саясатчынын адвокаты Замир Жоошев бул чечимди негизсиз жана мыйзамсыз деп атады. Равшан Жээнбековду 12-декабрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) кармаган. Ага Жазык кодексинин 244-беренеси («Барымтага алуу») жана 264-беренеси («Массалык башаламандык уюштуруу») боюнча айып коюлган. 14-декабрда буга дагы бир берене 309-берене (“Бийликти күч менен басып алуу”) кошулганы кабарланды.

Количество просмотров: 3768