Бишкек.12.03.2019.Govori.TV.
Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитети 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда кабыл алынган Конституциянын талаптарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан «КР президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеӊештин депутаттары Курманкул Зулушев менен Исхак Масалиев.
Демилгечилердин маалыматына караганда, мындан 15 жыл мурда бир адам үчүн чоң иммунитет берген мыйзамга экс-президенттин статусуна арналган «КР президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамдын 12-беренеси кирет. Бул ченем азыркы замандын талабына жооп бербейт.
Жаңы Конституцияда президент адам укуктарынын жана эркиндиктеринин кепилдиги катары чыкпайт. Анын үй-бүлөсүн мамлекеттик камсыздоо жөнүндө ченем да жок.
Ошондон улам, мыйзамга төмөндөгүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда:
Талкуу жүрүшүндө мындай мыйзам кабыл алынып калса, ал баардык экс-президенттерге карата бирдей колдонула турганы белгилүү болду. Ошондой эле, экс-президенттер өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган мезгилде кылмыш жасап, соттун өкүмү күчүнө кире турган болсо, анда аларга каралган баардык мамлекеттик артыкчылыктар жокко чыгарылат.