• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

“Коопсуз шаар” долбоору 2019-жылдын жаз мезгилинен тарта ишке ашырыла баштайт

19 Бештин айы 201811:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.12.2018.Govori.TV.

Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеӊештин жалпы жыйынында “Коопсуз шаар” долбоору боюнча маалымат угулууда.

Жыйынга вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү, тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда.

Биринчи вице-премьер-министрдин айтымында, “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга 2 млрд 550 млн сом каралган. “Вега” компаниясы долбоорду аткаруууга 2 млрд 320 млн сом каражат жумшамак болду.

“Коопсуз шаар” долбоору 2019-жылдын жаз мезгилинен тарта ишке ашырыла баштайт.

Долбоордун алкагында Бишкек шаарынын 38 көчөсүнүн 90 жерине видеобайкоо жабдуулары орнотулат.

Бишкек-Ош, Бишкек-Торугарт, Ош-Эркечтам сындуу ири жол каттамдарынын 48 жерине да атайын жабдуулар коюлат. Андан тышкары, 20 мобилдүү көчмө комплекстер иштей баштамакчы.

Ошондой эле, келерки жылы “Коопсуз шаар” долбоорунун 2-этабынын техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгып, өлкө аймагында жана чакан шаарлардын 248 жерине видеобайкоо жабдуулары орнотула турганы белгилүү болду.

Теги:
Количество просмотров: 26