«Бүгүнкү күнгө чейин биздин портал аркылуу 318 сынак өткөрүлгөн. Ошонун ичинде 1119 лот бар болчу. Башкача айтканда сынактар “бааларды төмөндөтүү ыкмасы” менен өткөрүлөт. Бул ыкма өзү автоматтык түрдө иштейт жана ага эч ким кирише албайт. Мыйзам чегинде бардык тендерге кеминде үч компания катышууга тийиш болсо “Коопсуз шаар” боюнча тендерге үч компания катышкан. Алардын бири “Мегалайн” компаниясынын суммасы тендерде көрсөтүлгөн суммадан көп болуп көрсөтүлгөн. Муну автоматтык система тендерди бузуу аракети катары эсептеп, ошолордун суммасын гана ачыкка чыгарып койгон. Система калган эки фирма сунуш кылган сумманы көрсөтпөй, алардыкын купуя түрдө сактаган. Натыйжада тендердин катышуучулары экөө эле болуп калып жатканы үчүн, аукцион аягына чыккан жок», — деди ал.