• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

“Коопсуз шаар” долбоорундагы иштер кандай аткарылат?

4 Тогуздун айы 2018 13:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 04.10.2018. Govori.TV

“Вега” компаниясынын техникасынын негизги өзгөчөлүктөрү энергияны минималдуу колдонууда – жалпысынан 20 кВ. Бул энергияга көз карандысыз комплексти түзүп, күн батареяларынан кубат алууну камсыздайт. Бул тууралуу бүгүн “Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендерди уткан Орусиялык  “Вега” компаниясынын коммерциялык директору Сергей Калмыков Бишкекте өткөн маалымат жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, учурда бул долбоор боюнча көп суроолор топтолуп калды. Белгилей кетсек, “Вега” компаниясы 27 ишкананы камтып, федералдык илимий борбор болуп эсептелет. Ошондой эле  “Вега» радиокуруу концерни» Кыргызстандагы “Коопсуз шаар” долбоору боюнча аткарыла турган иштер тууралуу кеңири токтолду.

Эске салсак, 4-сентябрда “Коопсуз шаар” долбоору боюнча өткөн бешинчи тендерде орусиялык “Вега” радиокуруу концерни» утуп чыккан. Компания долбоорду 1 млрд. 195 млн. сомго ишке ашырууга макул болгон.

Өкмөт “Коопсуз шаар” долбоору быйыл жылдын аягына чейин ишке кирээрин билдирген. Бирок “Вега” радиокуруу концерни» компаниясы азырынча Кыргызстанда өкүлчүлүгүн ача элек.

Количество просмотров: 24