• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Коопсуз шаар долбоорунун алкагында жаракат алган учурлар 44,4%га кыскарган

11 Чын куран 2019 11:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.04.2019. Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын 4-мартынан 11-апрелге чейин «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында 42 миң 881 жол эрежесин бузуу катталганын Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматов жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө өткөрүлгөн жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жол эреже бузууларды жолдогу стационардык комплекстер каттаган.

Ошондой эле, Аматов кошумчалагандай, долбоордун алкагында жол кырсыктарынын саны 37,5%га азайган. Ал эми жарандардын жаракат алган учурлары 44,4%га кыскарган. Долбоордун биринчи этабында, жалпы 47 аппараттык-программалык комплекс жана 20 көчмө аппарат ишке киргизилген.

Экинчи баскычта, өлкө боюнча 314 аппараттык-программалык комплексти орнотуу каралууда.

«Комплекстер Бишкек, Чүй, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облусунда орнотулат. Андан тышкары, камералар өлкөдөгү стратегиялык жолдордо коюлат», — деди Аматов.

Теги:
Количество просмотров: 11